АК-ЖАР - Талас облусундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:25, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АК-ЖАР – Талас р‑ндагы кыш­так. Долоно айыл аймагына караштуу. Талас д‑нын оң өйүзүндө, деңиз деңг. 1351 м бийик­тикте жайгашкан. Райондун борб. Көк‑Ой кыш-­нан 20 км түн.-чыгыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 120 км аралыкта. 1910‑ж. орнош­кон. Калкы 2069 (2009); негизинен мал чарбасы м‑н дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.