АК-БУУРА ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-БУУРА ШААР КАЛДЫГЫ – б. з. 1–2‑кылымдарына таандык археологиялык эстелик. Ак‑Буура суусунун сол өйүзүндө, Ош шаарынын түштүк четинде жайгашкан. Ак-Буура шаар калдыгы б. з. алгачкы кылымында Ош оазисин жор­туулдардан коргоо үчүн курулган чеп болгон. Ал­гач А. Н. Бернштам (1941), кийин Б. Аман­баева 20‑кылымдын 90‑жылдарында изилдешип, Ош шаарынын тарыхы жана маданиятына тиешелүү ар кан­дай буюмдарды табышкан.
Д.Ф. Винник.