АК-БУУРА-ТУРУК КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:53, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АК-БУУРА-ТУРУК КАПЧЫГАЙЫ – Алай кырка тоосунун түн. капталындагы шаңшаар (каньон) сымал кууш капчыгай. Ак‑Буура (Ту­рук) суусунун багыты б‑ча түштүктөн түндүккө (Кызыл‑Чарба ж‑а Алчалы кыш‑нын аралыгын­да) 40–45 кмге созулат. Таманынын жазы жери 2–2,5 км, кууш жери 500–700 м, деңиз деңг. орт. бийикт. 1900–2000 м. Капчыгай палеозойдун кумдук, акиташ теги, сланец ж‑а гранит, гра­нит‑диорит интрузия тоо тектерин суу жеп кетүүдөн пайда болгон. Капчыгай аркылуу Чал­-Куйрук өрөөнү тарапка автомобиль жолу өтөт. Таманында бадалдуу токой өсөт.