АК-БУЛУҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Ысык‑Көл обл‑нун Ак‑Суу р‑нда­гы кыштак. Ак‑Булуң айыл аймагынын борбо­ру. Ысык‑Көл өрөөнүнүн чыгышында Тескей Ала‑Тоонун этегинде, Түргөн суусунун сол жээ­гинде (Жыргалаңдын сол куймасы), Каракол ­Жыргалаң автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 2130 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол ш‑нан 14 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 258 км. 1922‑ж. отурукташкан. Калкы 1929 (2009); негизинен мал чарбасында, картөшкө өстүрүүдө эмгекте­нет. Орто мектеп, клуб, китепкана, амбулато­рия, ФАП бар. «Назгүл» нан бышыруучу кичи иш­канасы иштейт. Кыштакта комузчу ж‑а элдик ком­позитор Ыбырай Туманов (үй музейи ачылган), сов. чек арачы К. Торгоев (кыштакта бюсту орнотулган) туулган.