АК-БУЛАК ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:08, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АК-БУЛАК ЧОПО КЕНИ Ысык‑Көл обл‑нун Түп р‑нунда, Күрмөнтү кыш‑нан 4 км батышта. 1990‑ж. геол. чалгындоо иштери аткарылган. Кен аймагы төртүнчүлүк мезгилине таандык, ка­лыңдыгы 1,6–19,6 м болгон кумайлуу топурак катмарынан түзүлгөн. Кумайлуу топурак «100», «125» маркадагы кирпичти өндүрүүгө жарамдуу. Кендин запасы: А категориясы б‑ча 78 миң м3, В‑302 миң м3, C1‑356 миң м3, A+B+С1‑736 миң м3.