АК-БУЛАК - Ноокат районундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:11, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-БУЛАК– Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Кыргыз‑Ата айыл аймагына караш­туу. Кыргыз‑Ата суусунун оң өйүзүндө деңиз деңгээлинен 955 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 10 км түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 50 км. Калкы 6 944 (2009); негизинен мал чарбасында, тамекичилик­те эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар.