АК-БУЛАК - Ноокат районундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АК-БУЛАК– Ош обл‑нун Ноокат р‑ндагы кыштак. Кыргыз‑Ата айыл аймагына караш­туу. Кыргыз‑Ата суусунун оң өйүзүндө деңиз деңг. 955 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш‑нан 10 км түш. тарапта. Ош темир жол бекетинен 50 км. Калкы 4743 (2009); негизинен мал чарбасында, тамекичилик­те эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар.