АК-БУЛАК - Ак-Суу районундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:22, 24 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-БУЛАК– Ысык‑Көл облусунун Ак‑Суу районунда­гы кыштак. Ак‑Булуң айыл аймагына караш­туу. Ысык‑Көл ойдуңунун чыгышында, Тескей Ала‑Тоонун этегинде, Түргөн суусунун (Жырга­лаңдын оң куймасы) боюнда деңиз деңгээлинен 2130 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ка­ракол шаарынан 33 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 257 км. 1924‑ж. отурук­ташкан. Калкы 1919 (2009); негизинен мал чар­басында, картөшкө өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, клуб бар.