АК-БОСОГО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:18, 24 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-БОСОГО – Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Үч‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Ош – Хорог автомобиль жолунун боюнда жай­гашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 81 км түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 163 км. Деңиз деңгээлинен 2818 м бийиктикте жай­гашкан. Калкы 1301 (2009); негизинен мал чар­басында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар.