АК-БЕШИМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:01, 16 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-БЕШИМ (кыргызча ак; монголчо беш – са­рай, имарат; ак сарай, ак имарат, ак үй маани­синде; мурдагы аты – Чала‑Казак) – Чүй районундагы кыштак. Ак‑Бешим айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Чүй кыштагынан 4 км түштүк-батыш тарапта. Токмок те­мир жол бекетинен 5 км. Деңиз деңгээлинен 970 м би­йиктикте. Калкы 3103 (2022); негизинен дый­канчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ки­тепкана, өндүрүштүк окуу комбинаты, мончо, ФАП, мечит ж. б. бар.