АЙЫР ТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:33, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЙЫР ТОО– суу бөлгүч кырка тоолор. Алар суу алаптарын же суу башаттарын бөлүп турат. Мис., Борб. Теңир‑Тоодогу Ак‑Шыйрак кырка тоосу Нарындын ж‑а Таримдин алаптарын бөлүп турат. «Айыр» деген түшүнүк башка тилдерде да кеңири таралган, бирок түрдүү маанилерди берет: азербайжанча «айрыж» – жол тоому, алтайча, өзбекче «айры» – шаңшаар, капчыгай. Казакстанда Аир наамындагы көптөгөн тоолор ж‑а ашуулар бар; монголчо «айрик» – жапыз тоо, дөбө маанисинде, к. Суу бөлгүч.