АЙЫЛ ӨКМӨТҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:11, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 айыл аймагы – өз бийлик‑укуктарынын чегинде жерг. коомчулук­тун ишмердүүлүгүн ж‑a жашоо‑тиричиликти

камсыз кылууну башкарууну ишке ашыруучу айылдык ж‑a шаарча кеңештердин алдындагы аткаруучу‑тескөөчү орган. А. ө. өзүнүн иш­мердүүлүгү б‑ча айылдык же шаарча кеңешке, ал эми өткөрүп берилген мамл. бийлик‑укук­тар б‑ча жерг. мамл. адм‑нын башчысына жоопкерчиликтүү. А. ө‑нүн башчысы жерг.
эл тарабынан төрт жылга шайланат.
А. ө. укук абалы жагынан мамл. башкарууга тийиштүү, бирок мамл. башкаруу чөйрөсүнөн тышкары функцияларды да аткара алат. Кырг‑нда 453 А. а. бар, а. и. Чүй облусунда 105, Ошто 88, Жалал‑Абадда 68, Нарында 63, Ысык‑Көлдө 61, Таласта 37 ж‑а Баткенде 31 (2019).

А Бекбосун кызы.