АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ЭЛЕКТРЛЕШТИРҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:14, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ЭЛЕКТРЛЕШТИРҮҮ – а. ч. өндүрүшүнүн ар кыл тармагында электр энер­гиясын колдонуу. Электрлештирүү эмгек өн­дүрүмдүүлүгүн жогорулатууда чоң мааниге ээ. Электрлештирүүнүн натыйжалуулугу мал чар­бачылыгында кеңири байкалат, анткени анда машинелердин дээрлик көбү электр энергиясы м‑н иштейт. Электр энергиясы механизмдердин иштеншн автоматташтырууга шарт түзүүдө. Мал чарба фермаларын суу м‑н камсыз кылууну электрлештирүү малдан алынуучу продуктулар­дын өсүшүнө шарт түзөт ж‑а эмгектин сарпта­лышын 20%ке үнөмдөөгө алып келет. Электр энергиясы канаттуулар фермасында кеңири кол­донулат (жасалма жол м‑н балапан чыгаруу, жылытуу, жарык мөөнөтүн узартуу, ыландар­га каршы нурландыруу, тоюттандыруу ж. б.).