АЙЫЛ ЧАРБА МЕТЕОРОЛОГИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЫЛ ЧАРБА МЕТЕОРОЛОГИЯСЫ, агро­метеорология – метеорологиялык кубулуштар менен айыл чарба өндүрүшүнүн объектилери жана процесстери ортосундагы өз ара байланыш жөнүндөгү илим. Аба ырайы, топурактын нымдуу­лугу менен температурасы, кардын түшүшү жана анын калыңдыгы, жер тоңунун тереңдиги ж. б. метео­рологиялык шарттар айыл чарба өндүрүшүнө түздөн‑түз таа­сир этет. Ошондуктан Айыл чарба метеорологиясы айыл чарбасынын талабына ылайык изилдөөлөрдү жүргүзүп, агро­метеорологиялык прогноздоо жолдорун белгилеп, өндү­рүштүк мекемелерге жардам берет. Байкоолор ме­теорологиялык станцияларда жана посттордо жүргүзүлөт.