АЙЫЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:11, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 элеттеги коомдук, социал., аймактык бирикменин түрү. Ал туугандыгы жакын, бир урукка кирген 10–40 түтүндөн турган. А‑га бир же бир нече атанын балдары кирип, түпкү атала­рынын аты м‑н аталган. Анын жайыты, кыш­тоосу, мүрзөсү бир болуп, конуп‑көчкөндө айыл­дагылар чогуу болушкан. Мындай жайгашуу согуштук‑саясий кырдаалга жараша болгон. Кооптуу мезгилдерде жакын‑жакын жайгашып, капыстан боло турган кол салуучуларга тез жыйылып, сокку бергенге ылайыкташтырыл­ган. Тынчтык мезгилде бир нече чакырым суу бойлой жайгашкан. А‑дын башкаруу бийлиги
Файл:АЙЫЛ 19.png

бир нече баскычты басып өткөн. Адегенде А. бир гана уруктун түтүндөрүнөн тургандыктан, жогорку бийлик А. аксакалынын колунда бо­луп, А. ичиндеги бардык маселелерди чечкен. Кийинчерээк А‑га чоочун, башка уруктун мүчө­лөрү кошула баштагандан кийин бийликти бай, оокаттуу бүлөлөр ээлей баштаган. Бара‑бара A‑да өзгөрүүлөр күч алып, көчмөн шартта жа­ралган көп салттар бузула баштаган. Совет бий­лигинин мезгилинде Кырг‑ндагы көчмөн А‑дар кыштактарга ж‑a колхоздорго биригип, 20‑к‑дын 40‑жылдарынын башында толугу м‑н отурук­ташкан. Учурда А‑дар туруктуу отурукташкан конушка айланып, расмий аймактык башкаруу бирдигин билдирет. А‑дарды башкарууну айыл өкмөттөрү ишке ашырат.

А	. Көчкүнов.