АЙТМАТОВ Чыңгыз Төрөкулович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:11, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Илгиз Төрөкул уулу [8.2.1931‑ж. т., Фрунзе] – тоо‑кен геомеханикасы б‑ча илим­поз, техника илимд. доктору (1985), КРдин УИАнын академиги (1989, корр. мүчөсү 1987), проф. (1991), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери,
Файл:АЙТМАТОВ7.png

илим ж‑а техника б‑ча СССРдин (1989) ж‑а Кыргыз ССРинин (1984) мамл. сыйл. лауреаты. 1954‑ж.
Москва геол. чалгындоо ин­тун бүтүргөн. Кыргыз ССР Геология башкармалыгы­нын геол. чалгындоо пар­тияларында ж‑а Каменский экспедициясында инженер (1957), КР УИАнын тоо­тектердин физикасы ж‑а механикасы ин‑тунда кенже ил. кызматкер, лаборатория башчысы (1960‑68), директордун ил. иштер б‑ча орун ба­сары (1968‑70), директору (1970‑1990 ж‑а 1994­2004), КР УИАнын президенти (1990‑93), 1989­99‑ж. академик‑катчысы. Ил. эмгектери не­гизинен кендерди коопсуз ж‑а натыйжалуу иш­тетүү, чоң гидротех. курулуштарды куруу, ай­лана‑чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактардагы та­бигый ж‑а табигый‑техногендик кыйроолор проблемаларына арналган. Сейсмоактивдүү тоо аймактарында жер кыртышынын үстүнкү кат­марындагы тектердин табигый чыңалган‑дефор­мацияланган абалы ж‑дө концепцияны түзгөн. 260тан ашык ил. эмгектин (а. и. 8 монография­нын), 15 ойлоп табуунун автору. Тоолуу аймак­тарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу ж‑дө ил. ачылыш жасаган. III дара­жадагы «Манас» ордени м‑н сыйланган (2003).
Эмг.: Тампонирование обводненных горных пород в шахтном строительстве. М., 1972; Современные проблемы механики скальных пород в гидро‑энергети­ческом строительстве. М., 1985; Управление горным давлением на рудниках и шахтах Киргизии. Ф., 1979; Геомеханика рудных месторождений Средней Азии. Ф., 1987; Геомеханика оползнеопасных склонов. Б., 1999.