АЙТБАЕВ Абдимиталип Айтбаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:58, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙТБАЕВ Абдимиталип Айтбаевич (1940-жылы туулган, Кемин району Кара-Булак кыштагы) – философия илимдеринин доктору (2008). 1962-жылы КМУнун чет тилдер факультетин (немец тили боюнча) бүтүргөн. 1962-жылдан ОшМПИде окутуучу, КМУнун философия кафедрасында окутуучу, Кыргыз ССР ТИМде биринчи секретарь, КМПИде окутуучу, улук окутуучу, илимий коммунизм кафедрасынын доценти, кийин философия кафедрасынын доценти; КММИнин, Чүй университетинин жана И. Арабаев атындагы КМУнун гуманитардык сабактар боюнча кафедра башчысы; Ж. Баласагын атындагы КУУда философия жана усулдук илимдер кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу. Айтбаев 76 илимий эмгектин, анын ичинде 2 монография, 17 окуу-методикалык куралынын автору.


Эмг.; Феномен менталитета: учебное пособие. – Бишкек, 2004. – 102 с. ж. б.