АЙТБАЕВ Таштемир Сыдыгалиевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:52, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙТБАЕВ Таштемир Сыдыгалиевич (27.11.1943‑ж.т., Нарын обл., Ак‑Талаа району, Тоголок Молдо айылы) – генерал‑лейтенант (2000). Москвадагы Бауман атындагы техникалык жогорку окуу жайын (1967), Алматы Жогорку партиялык мектебин (1981) бүткөн. 1961–62‑ж. Москва шаарындагы И. А. Лихачев атындагы заводдо слесарь‑ширетүүчү, 1967–82‑ж. Кыргыз ССР жергиликтүү өнөр жай министрли­гинин пластмасса буюмдар заводунда улук конструктор, башкы технолог, комсомол­дун Свердлов райкомунун экинчи, Биринчи май рай­комунун биринчи, Кыргызстан ЛКЖС Бишкек шааркомунун 2‑секретары, Кыргызстан ЛКЖС БКнын инструктору, үгүт‑насыят боюнча секретары, 1‑секретары, 1982‑86‑ж. СССР Мамлекеттик коопсуздук комитети­нин улук инспектору, Кыргыз ССР Мамлекеттик кооп­суздук комитетинин төрагасынын орун басары, 1‑орун басары, 1986‑95‑ж. Кыргызстан КП Ош обкомунун өнөр жай‑транспорт, социалдык‑экономика бөлүмдөрүнүн башчысы,

Файл:АЙТБАЕВ4.png

Ош облустук элдик кон­троль комитетинин төрагасынын милдетин аткаруу­чу, Кыргызстан КП Нарын обкомунун 1‑секретары, Кыргызстан КП БКнын секретары, «Кыргызавтосер­вис» мамлекеттик акционердик коомунун генералдык директорунун орун басары, вице‑президенти, 1995–99‑ж. КРдин Ички иштер министринин орун басары, 1999–2000‑ж. КРдин Улуттук кооп­суздук министри, 2000–02‑ж. КРдин Ички иш­тер министри, 2002–05‑ж. КРдин Юстиция ми­нистринин орун басары, 2005–06‑ж. КРдин Улут­тук коопсуздук кызматынын төрагасы, 2006‑жылдан «Кыргызпромкурулушбанк» ачык акционердик коомдун төрагасы. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1975–90). «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.