АЙРАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙРАН – сүттөн уютулуп жасалган эзелки ак азыктарынын бири. Ал кой, эчки, уй жана топоз­дун сүтүнөн уютулат. Уйдун сүтүнө төөнүн сүтүн аралаштырып, А. уюткан учурлар да кезигет. Бышырылган жылуу сүттү уютуш үчүн ага уют­ку (айранга кичине сүт кошуп, чалат) куюп, идишти жылуулап жаап, уюп жаткан учурда «чочуп» калбас үчүн орунтуктуу жерге 4–6 саат коюшат. А‑дан сүзмө, сүзмөдөн курут жасалат. А‑га жаңы саалган чийки сүттү кошуп аралаштырып, бир ууч талкан чалса «кою тмак», тартылган сүт уютулса көк айран, сорпого кошул­са – ак серке, талкан же таруу кошулуп уютулса аш айран, суу кошсо чалап деп аталат.