АЙЛАНУУ БЕТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:07, 25 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЙЛАНУУ  БЕТИ – тегиздиктеги ийри сызык­тын ошол эле тегиздикте жаткан октун тегере­гинде айлануусунан пайда болгон бет. А. б‑не мисал болуп сфера эсептелет, анткени аны тегиздикте жаткан жарым айлананын диаметри­нин айланасында айландыруудан пайда болгон бет катары кароого болот. А. б‑нин анын огу аркылуу өткөн тегиздиктер м‑н кесилишкен ийри сызыктар меридиандар деп аталат, ал эми А. б‑нин окко перпендикуляр тегиздик м‑н кесилишкен ийри сызыктар параллелдер деп аталат. Эгер айлануу огу б‑ча Охуг тик бурчтуу координата системасынын Ог огу багытталса, анда А. б‑нин параметрдик тендемесин төмөнкү­чө жазууга болот: х = f(и)cosv, у = f(и)sinv, г = и, мында f(u) – функция меридианды анык­тайт, ал эми V – бурч.	                           Б. Э. Канетов.