АЙЛАНМА КАРАЖАТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:10, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЛАНМА КАРАЖАТТАР – айланма фонддор­дун жана жүгүртүү фонддорунун акчалай туюнт­масы. А. к‑га өндүрүш запастары, бүтө элек өндүрүш, даяр продукция, накта акча каражаты жана эсептеги каражат кирет. Кайталап өндүрүү процессинде А. к. бир эле учурда өндүрүш чөйрөсүн жана жүгүртүүнү камтуучу өндүрүш фонддорунун түрдүү баскычтарында жана түрдүү формасында айланат. Калыптануу булактары­на жараша А. к. өздүк жана насыя болуп бөлүнөт.