АЙЛАНМА КАПИТАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:51, 6 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЛАНМА КАПИТАЛ– өндүрүштүн цикли аяктаганга чейин айланчу өндүрүш каражатта­ры; Айланма капитал туруктуу капиталдын (сырьё, матери­алдар, энергия, отун, бүтө элек өндүрүш) жана өзгөрулмө капиталдын элементтеринде жүзөгө ашырылат. Айланма капитал наркы продукцияны сатып өткөрүүдө ишкерге толук кайтарылып берилет. Капиталдын негизги жана айланма болуп бөлү­нүшү өндүрүш капиталына тиешелүү жана жү­гүртүү капиталына (товардык жана акча) кир­бейт. Айланма капиталды өндүрүш капиталынын бир бөлүгү катары К. Маркс ачкан. А. Смит аны товардык же соода капиталы катары караган. Д. Рикардо Айланма капиталын жумушчу күчүн сатып алууга жум­шалган чыгымга окшоштурган. Азыркы батыш экономика теориясы Айланма капитал түшүнүгүн бөлүп ка­рабайт. Иш жүзүндө ал айланма өндүрүш капиталы менен катар жүгүртүү, товардык жана акча капиталын камтуучу жалпы күндөлүк актив­дерди түшүндүрөт, к. Айланма каражаттар.