АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО КҮНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО КҮНҮ Бүткүл‑дүйнөлүк айлана‑чөйрөнү коргоо к ү н ү БУУнун 1972‑ж. 5 – 16‑июнда Стокгольм ш‑нда (Швеция) болуп өткөн эл аралык конференциясында Япония жана Сенегал мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн сунушу б‑ча кабыл алынган. Ал бүткүл дүйнө жүзү б‑ча 5‑июнда белгиленет. Негизги максаты – адамзаттын көңүлүн айлана‑чөйрөнү коргоо маселелерине буруу.