АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:22, 21 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ – адамзатты тегерете курчап турган жашоо‑тиричилик жана өндүрүштүк иш шарты. Адатта ага табигый чөйрө жана адам өзү жараткан материалдык чөйрө (куру­луштар, өнөр жай ишканалары, суу сактагыч­тар, каналдар, жолдор ж. б.) кирет. Айлана-чөйрө табигый чөйрөгө караганда кеңирирээк маа­ниде. Табигый чөйрө коргоого көбүрөөк муктаж болот. Анткени, адамзат жараткан чөйрөнүн объектилеринен табигый чөйрө жа­быркап, алардын байланыштары үзүлүп, табигый тең салмактуулук бузулат. Демек, коомдук өндүрүштүн өнүгүшүнө жана адамзаттын дээрлик географиялык кабыкты камтып иш чөйрөсүнүн кеңейи­шине жараша табиятты коргоо боюнча комплекстүү иш‑чаралардын зарылдыгы келип чыгат.