АЙЛАМПА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ирим, айланкөчөк – дарыянын же деңиздин үстүнкү бетиндеги ай рым жерлерде суунун имерилип оргуп агышы­нан пайда болгон ирим. А. көлмөлөрдө же агын сууларда эки агымдын кездешкен жеринде, суу нугундагы чуңкур жерлерде же анын жээгинде чыгып турган урчуктарды имерилип агарда, о. эле суу нугунун кескин жайылып кетер ал­дында пайда болот. Ал эми деңиздерде ташкын ж‑а тартылуу толкундарынын, о. эле карама­каршы агымдардын кошулган жерлеринде жа­ралат. А‑нын диаметри бир нече смден, океан­дарда бир нече кмге жетет.