АЙДАРКЕН КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Баткен обл‑ндагы Айдаркен ш‑на жакын жайгашкан. «Айдаркен сымап ком бинаты» мамл. акционердик коомуна караштуу. 1967‑ж. ишке киргизилген. Аянты 40 000 м2.

Консервацияланган эмес. Мында Айдаркен сы мап кенинин рудасын иштетип, пайдалуу ме­таллды бөлүп алгандан калган, курамында сы мап, сурьма, фтордуу кальций, мышьяк ж. б. бар кенташ (руда) калдыктары сакталат. Азыр кы абалы экол. жактан канааттандырарлык, бирок жалпы экол. системаларга таасирин тий­гизип турат.
Ад.: Геоэкологическая безопасность и риск природно‑техногенных катастроф на территории Кыргызстана. Б., 1999. Б. Үсөнканов.