АЙДАРБЕКОВ Иманаалы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:11, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙДАРБЕКОВ Иманаалы (1894, Бишкек уезди – 1937) – саясий жана мамлекеттик ишмер; Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн жигердүү кү­рөшкөндөрдөн. 1909‑жылы Пишпектеги айыл чарба тех­никумун бүтүргөн. 1918–20-жылдары Пишпек уезддик­-шаардык совет аткому­нун, 1920–21-жылдары Каракол уезддик ревкомунун мүчө­сү, 1921–23-жылдары Пишпек уезддик советинин атко­мунун төрагасы, 1923–24-жылдары Жети‑Суу облустук жер бөлүмүнүн башчысы, обл­аткомдун төрагасы. 1924‑жылы Кыргыз автономия облусунун ревкомунун төрагасы болуп дайындалган. 1925–26-жылдары Таш­кентте «Орто Азиядан» кеңсесинде башкар­малыктын мүчөсү болгон. 1927–29-жылдарда Кыргыз АССРинин жеңил өнөр жай жана соода эл комиссары, 1930–31-жылдарда Кыргыз айыл чарба банкынын башкармалыгынын мүчөсү, Кыргыз АССР юстиция эл комиссары, Кыргыз АССРинин Башкы сотунун төрагасы болуп иштеген.

Файл:АЙДАРБЕКОВ 149.png

Айдарбеков Совет­тердин болуштук, уездик, облустук съезддерине бир нече ирет делегат болуп шайланган. Ак‑Суу коз­голоңун, Нарындагы көтөрүлүштү басууга ка­тышкан. Совет бийлигин чыңдоого жигердүү ка­тышкандыгы үчүн Кыргыз АССР Борбордук аткому­нун Ардак грамотасы менен сыйланган. 1937‑жылы жалган жалаа менен атылган. 1991‑жылы сөөгү Ата‑Бейит көрүстөнүнө ариет‑аза күтүү салты менен кайра коюлган.