АЙДАРАЛИЕВ Асылбек Акматбекович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙДАРАЛИЕВ Асылбек Акматбекович [(1941-­жылы туулган, Ысык‑Көл облусу, Пржевальск шаары (азыркы Каракол)] – физиолог, медицина илимдеринин доктору (1977), профессор (1988), КР УИАнын академиги, КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1996), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1998), КРдин ыйгарым укуктуу элчиси.

Файл:АЙДАРАЛИЕВ48.png

КММИни бүтүргөн (1964). Кыргыз ССР ИАнын физиология жана эксперименттик патология институтунда, СССР ИАнын Ыраакы Чыгыш бөлүмү­нүн түндүктүн биологиялык пробле­масы боюнча институтунун директору (1987–94). РИАнын Ыраакы Чыгыш бөлүмү­нүн, «Арктика» эл аралык ИИБнын, ошондой эле Түндүк Чыгыш илимий борборунун төрагасынын орун ба­сары болуп иштеген (1989–94). 1994‑жылдан Кыргызстандагы Эл аралык университеттин президенти. 2001‑жылдан КРдин президентинин алдындагы Too райондорун өнүктүрүү боюнча улуттук борбор­дун төрагасы. Илимий иштери экстремалдык абал­дагы физиология, космос жана авиация медици­насына арналган.

Эмг.: Физиологические механизмы адаптации и пути повышения резистентности организма к гипоксии. Ф., 1978; Адаптация к экстремальным факторам среды: опыт прогнозирование (в соавторстве). Л., 1987;Экология человека на Крайнем севере (в соавторстве). Владивосток, 1996.