АЙГЫР ЖАЛ кыштагы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:29, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙГЫР-ЖАЛ– Ош обл‑нун Өзгөн р‑ндагы кыш­так. Баш‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Өзгөн ш‑нан 8 км батыш тарапта, Кара‑Суу темир жол бекетинен 64 км. Деңиз деңг. 940 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3091 (2014); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория бар. 1965–68‑ж. Кем­пир‑Абад суу сактагычынын курулушуна байланыштуу мурдагы Жаңы‑Жол кыш‑нан башка жерге көчүрүлүп, азыркыча аталып калган.