АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:17, 13 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – б. з. 1–5‑к‑ында Теңир‑Тоо аймагында жашаган көчмөн уруулар­га таандык археол. эстелик. Нарын ш‑нын батыш тарабында (7 км) жайгашкан. Бийикт. 0,3— 0,8 м, диаметри 12 м чейин келген 100гө жакын дөбө‑мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндө адамдар жалгыз, кээде түгөйү м‑н казанактуу ж‑а жар­ма көрлөргө башы кыбыланы каратып коюлган. Көрүстөндөн карала, жыгач идиштер, бы­чак, жебенин учу ж. б. табылган. Байыркы түрк дооруна таандык жоокердин ээр‑токумдуу аты м‑н кошо көмүлгөн көрүстөндөр да кездешкен. 1954‑ж. А. К. Кибиров тарабынан изилденген. Бүгүнкү күндө эстелик толук сакталган эмес.
К. Табалдиев.