АЙБИКЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:46, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙБИКЕ М а д а н и я т – Баткен обл‑нун Лейлек р‑ндагы кыштак. Тогуз‑Булак айыл аймагына караштуу. Ак‑Тайлак тоосунун этегинде, деңиз деңг. 1400 м бийиктикте, Лейлек- Баткен автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Исфана ш‑нан 27 км чыгыш тарапта. Пролетарск темир жол бекетинен (Тажикстан) 72 км. Калкы 1690 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.