АЙБАШЕВА Канымкүл

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:55, 25 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙБАШЕВА Канымкүл (1901–1940) – актриса, кыргыз театр искусствосунун эң алгачкы өкүлдөрүнөн, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939). Анын чыгармачылык иши театр студиясынын ачылышы (1926) м‑н байланыштуу. Театрда белгилүү ролдору: Бүбүкан (М. Токобаев, «Кайгылуу Какей», 1927), Күлсүн

(К. Жантөшев, «Карачач», 1929), Анна Андреевна (Н. В. Гоголь, «Текшерүүчү», 1929), Эшимдин аялы (Р. Шүкүрбеков, «Жапалак Жатпасов », 1936), Токтордун
байбичеси (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз», 1937) ж. б. «Ардак Белгиси» ордени м‑н сыйланган.