АЙБАЛТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – жоокерчилик куралы. Байыркы темир доорунан эле көп элдер, а. и. кыргыздар да урунуп келген. Көрүнүшү жарты ай сымал келип, темирден ар түрдүү өлчөмдө жасалган.
Файл:АЙБАЛТА42.png

А. ар бир жоокердин тулкусуна чактап, урушта колдонууда эптүү кылып даярдалган. Са­бын ыргай, четин, кайың ж.б. катуу жыгачтан
жасашып, колго токтомдуу болуш үчүн аны быдырлантып, урушта колдон чыгып кетпес үчүн саптын учуна кайыштан бүлдүргү тагыл­ган. Душманды ууландырып өлтүрүү максатында А‑нын мизин кээде ууга сугарышкан. А. ат үстүндө да, жөө калганда да урушууга эң ыңгай­луу согуштук куралдардын катарына кирет.