АЙ ЖАНА ПЛАНЕТАЛАРДЫН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:23, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙ ЖАНА ПЛАНЕТАЛАРДЫН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ – Ай жана планеталардын атмосферасын, бетин жана жалпы түзүлүшүн, ошондой эле аларга жакын космос мейкиндигин изилдөө үчүн илимий-изилдөө максатында учурулган космос аппарат-

Файл:АЙ ЖАНА ПЛАНЕТАЛАРДЫН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ52.png
Ай жана планеталардын жасалма жандоочусу. «Мори­нер‑6» космос кемеси учуруу алдында.

тары. Жерден кийинки биринчи жасалма жандо­оч чыгарылган асман те­лолорунун бири – Ай. Айдын биринчи жасалма жандоочусу – «Луна‑10» автоматтык станциясы 1966‑жылы 31‑мартта учурулган. Ал маалымат бе­рүү мезгилинде Айды 460 жолу айланган. 1971‑жылы Марс менен Жердин улуу тогошуу мезгилинде советтик эки космос зонду «Марс‑2» (19‑майда), «Марс‑3» (28‑майда) жана америкалык космос зонду «Маринер‑9» (31‑майда) учурулган. Айга 1980‑жылга чейин 14 жасалма жандоочусу жеткирилген. Башка планеталардын орбитасына да ар кайсы өлкөлөрдөн жасалма жандоочулар учурулган.