АЙ-ТАМГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:15, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙ-ТАМГА – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Төөлөс айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Ноокат шаарынан 33 км батыш тарапта, Кызыл‑Кыя темир жол бекетинен 15 км. Деңиз деңгээлинен 1840 м бийиктикте. Калкы 2269 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, төрөт үйү, медпункт, чайкана бар. Атынын келип чыгышы кыргыздын бир уруу­суна байланыштуу.