АЗЫК-ТҮЛҮКТҮ ТОҢДУРУП КУРГАТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:25, 25 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЗЫК-ТҮЛҮКТҮ ТОҢДУРУП КУРГАТУУ, с у б л и м а ц и я– азык‑түлүктөгү музду (нымды) суюктукка айландырбастан, түз эле буулантуу процесси Азык‑түлүктөгү ферменттерди, вита­миндерди ж‑а түрдүү экстракт заттарын сактап калуу үчүн аны тоңгон абалда кургатуу талап кылынат. Бул процесстин жүрүшүндө азык‑түлүк 0°С темп‑рада, 4,5 сым. мам. ммге барабар ба­сым астында тоңдурулуп, анан түз эле буулан­дырылат. Мындай азык‑түлүктүн даамы, түсү бузулбастан көпкө сакталат. Бул ыкма тамак-­аш өнөр жайында, биологияда ж‑а медицинада колдонулат.