АЗЫК-ТҮЛҮКТҮ ТОҢДУРУП КУРГАТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 с у б лимация– азык‑түлүктөгү музду (нымды) суюктукка айландырбастан, түз эле буулантуу процесси Азык‑түлүктөгү ферменттерди, вита­миндерди ж‑а түрдүү экстракт заттарын сактап калуу үчүн аны тоңгон абалда кургатуу талап кылынат. Бул процесстин жүрүшүндө азык‑түлүк 0°С темп‑рада, 4,5 сым. мам. ммте барабар ба­сым астында тоңдурулуп, анан түз эле буулан­дырылат. Мындай азык‑түлүктүн даамы, түсү бузулбастан көпкө сакталат. Бул ыкма тамак­аш өнөр жайында, биологияда ж‑а медицинада колдонулат.