АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУК САЯСАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:13, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУК САЯСАТЫ – калк­ты азык‑түлүктүн бардык түрү менен туруктуу камсыз кылууга багытталган экон.-уюшту­руучулук, технол. жана социал. иш‑чараларды камтыган мамл. башкы маселелердин бири. 1996‑ж. 17‑ноябрда кабыл алынган Рим декла­рациясына ылайык Кырг‑н дүйнөлүк коомдош­туктун мүчөсү катары өзүнө «жакырчылыкты, теңсиздикти жоюуга, бардык мезгилде жетишер­лик диеталык толук баалуу азык‑түлүккө физ. жана экон. жактан ээ болуу жана аны пайдалана алууну камсыз кылууга багытталган саясат жүргүзүү» милдеттенмесин алган. А.-т. к. с. рынокто тамак‑аш азыктарынын болушун, та­мак‑аш азыктары менен туруктуу камсыздоону, алардын коопсуз жана алгылыктуу сапатын, калк­тын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу өлкөнүн ар бир тургунунун тамак‑аш азыктары менен камсыз болушун көздөйт.