АЗХАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗХАР ал‑Азхар (ар. ал‑Жами ал-­Азхар – жаркыраган мечит) – Каирдеги ислам диний окуу жайлар комплекси; университет. 970–972‑ж. фатимиддер халифи ал‑Муизздин тушунда курулган. Ошол мезгилден негизинен куран таануу, хадис таануу, мусулман укугу ж. б. окутулат. 18‑к‑дан ун‑т мусулман өлкөлөрүнөн келген студенттер билим алган ири диний, ма­даний борборго айланып, Каир жана Мисирдин (Египет) тарыхында идеол., саясий жактан маа­нилүү роль ойногон. 20‑к‑дын башында А‑дын окуу программаларында, окуу процессинде жана ички түзүмүндө бир топ реформалар жүргүзүлгөн. 1960‑ж. диний эмес ф‑ттер да ачылган. 21‑к‑дын башында Жогорку окумуштуулар кеңеши, Ислам изилдөө академиясы жана дин таануу, мусулман укугу, ад‑т, адм. иштер жана соода, инженер­дик, а. ч., мед., пед. жана кыз‑келиндер ф‑ттери (бардыгы - 9) ачылган. Ун‑тти ректор (А. шейхи) жетектейт. А‑да 20 минден ашуун кол жазмалар­дын жана китептердин бай жыйнагы топтолгон. Өз журналын («Мажаллят аз‑Азхар» – «Азхар журналы»), программаларын чыгарып турат. Бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн дин кызматкерле­рин даярдоочу ири борбор катары эсептелет.