АЗУРИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:04, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗУРИТ (фр. azurite – көгүлтүр) – карбонат­тар классындагы минерал. Хим. формуласы Си3[С03]2(0Н)2. Моноклин сингониясында кристаллданат. Катуу­лугу Моос шкаласы б‑ча 3,5–4, тыгыздыгы 3773 кг/м3. С. салм. 3,77, өңү кочкул көк, айнек сымал жалтырак. Табиятта халькопирит, борнит ж. б. минералдардын кычкылдануусунан пайда болот. А. – курамында 55,3% жез кез­дешкендиктен жездин баалуу кенташы. Көк боёк жасоого да пайдала­нылат.

Файл:АЗУРИТ40.png