АЗРАКИТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:53, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗРАКИТТЕРхарижиттердин эң катаал жана келишпес секталарынын бири. Ага Нафи ибн аль Азрек (685‑жылы курман болгон) негиз сал­ган. 7‑кылымдын экинчи жарымында халифатта харижиттердин көтөрүлүшү тез‑тез болуп турган, алардын айрымдары (мис., Ирак менен Иран­да) ондогон жылдарга созулган. Алар кулдарды боштондукка чыгаруучулар жана эзүүдөгүлөрдү кор­гоочу катарында чыгышкан. Азракиттердин көтөрүлүшү 697‑жылы талкаланган.

М. Абдылдаев.