АЗРАКИТТЕР
АЗРАКИТТЕР – харижиттердин эң катаал жана келишпес секталарынын бири. Ага Нафи ибн аль Азрек (685‑ж. курман болгон) негиз салган. 7‑к‑дын экинчи жарымында халифатта харижиттердин көтөрүлүшү тез‑тез болуп турган, алардын айрымдары (мис., Ирак менен Иранда) ондогон жылдарга созулган. Алар кулдарды боштондукка чыгаруучулар жана эзүүдөгүлөрдү коргоочу катарында чыгышкан. А‑дин көтөрүлүшү 697‑ж. талкаланган.
М. Абдылдаев.