АЗРАКИТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 13 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
харижиттердин эң катаал ж‑а келишпес секталарынын бири. Ага Нафи ибн аль Азрек (685‑ж. курман болгон) негиз сал­ган. 7‑к‑дын экинчи жарымында халифатта харижиттердин көтөрүлүшү тез‑тез болуп турган, алардын айрымдары (мис., Ирак м‑н Иран­да) ондогон жылдарга созулган. Алар кулдарды боштондукка чыгаруучулар ж‑а эзүүдөгүлөрдү кор­гоочу катарында чыгышкан. А‑дин көтөрүлүшү 697‑ж. талкаланган.	
                                                                                                                М. Абдылдаев.