АЗОТТУУ СУУЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:00, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗОТТУУ СУУЛАР– курамындагы газдардын негизин азот газы түзгөн табигый суулар. Сей­рек кездешүүчү бул сууларда көбүнчө аргон, гелий, неон, криптон, ксенон ж. б. инерттүү газ­дар да кездешет. Кырг‑ндагы минералдуу суу­лардын басымдуу тобун А. с. түзөт жана алардын катарына Жалал‑Абад, Ысык‑Ата, Жыр­галаң, Ак‑Суу (Теплоключенка), Сары‑Жаз, Аламүдүн, Алтын‑Арашан булактары, Чоң Кызыл‑Суу, Көкөмерен, Ысык‑Көлдөгү бургулоо көзөнөктөрү менен чыккан минералдуу суулар кирет. Алардын курамындагы газдарда азот басымдуулук кылат (75‑95%). А. с. гранит, гра­нодиорит, гнейстер ж. б. тоотектер аркылуу са­рыкканда пайда болот.