АЗОТБАКТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗОТБАКТЕР (Azotobacter) – абадагы азотту топтоп, андан өз клеткасынын белогун син­тездөөчү, эркин жашоочу бактериялар. Ал ша­палакчалуу, кыймылдуу, сүйрү же тоголок түзүлүштө болот, спора пайда кылбайт. Анын 4 түрү топуракта, сууда жашайт. Көбүнчө жак­шы иштетилген топуракта болот. Азотбактерден бир катар витаминдер, ауксин сымал өстүргүч заттар, айрым антибиотиктер даярдалат. Андан Азот жер семирткичи алынат, к. Азот топтоочу микроорганизмдер.