АЗОТБАКТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (Azotobacter) – абадагы азотту топтоп, андан өз клеткасынын белогун син­тездөөчү, эркин жашоочу бактериялар. Ал ша­палакчалуу, кыймылдуу, сүйрү же тоголок түзүлүштө болот, спора пайда кылбайт. Анын 4 түрү топуракта, сууда жашайт. Көбүнчө жак­шы иштетилген топуракта болот. А‑ден бир катар витаминдер, ауксин сымал өстүргүч зат тар, айрым антибиотиктер даярдалат. Андан А. жер семирткичи алынат, к. Азот топтоочу микроорганизмдер.