АЗОСПЕРМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:37, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗОСПЕРМИЯ (а... жана гр. zoon – тирүү жан­дык, sperma – эркек уругу) – эркектин жыныс суюктугунда урук клеткасынын (сперматозоид­дердин) жоктугу. Азоспермия жыныс бездери, урук түтүктөрү начар өөрчүгөндө же түрдүү ооруга (котон жара, астынан сезгенүү, жыныс безинин шишиги, кант оорусу, уулануу ж. б.) чалдык­канда пайда болот. Жыныс суюктугун микроскоп менен изилдеп текшергенде аныкталып, оорунун себептерине жараша дарылоо жүр­гүзүлөт. Азоспермия эркектин тукумсуздугунун себебинин бири.