АЗОСПЕРМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (а... ж‑а гр. zoon – тирүү жан­дык, sperma – эркек уругу) – эркектин жыныс суюктугунда урук клеткасынын (сперматозоид­дердин) жоктугу. А. жыныс бездери, урук түтүктөрү начар өөрчүгөндө же түрдүү ооруга (котон жара, астынан сезгенүү, жыныс безинин шишиги, кант оорусу, уулануу ж. б.) чалдык­канда пайда болот. Жыныс суюктугун микро скоп м‑н изилдеп текшергенде аныкталып, оорунун себептерине жараша дарылоо жүр­гүзүлөт. А. эркектин тукумсуздугунун себебинин бири.