АЗОР АНТИЦИКЛОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:33, 1 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЗОР АНТИЦИКЛОНУ – Атлантика океаны­нын түн. бөлүгүндөгү субтропик ж‑а тропик ал­кактарында пайда болгон атм‑лык жогорку басымдуу аймак. Жыл бою аракетте болот; ай­рыкча жайында даана байкалат. А. а. Евразия­нын, айрыкча Түш. Европанын ж‑а Түн. Афри­канын климатына өзгөчө таасир этет (жайында Жер Ортолук деңизин, кышында Сахара чөлүн көздөй багытталат).