АЗИМОВ Розу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:32, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата imported>Турганбаев Элебай тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗИ́МОВ Розу (Рузим, Рози, Розы, Роза) [22. 09. 1925, РСФСР, Кыргыз АО, Жалал‑Абад округу (азыркы Жалал-Абад облусу, Сузак району), Чеке-Дөбө айлы – 03. 12. 2006, Жалал-Абад (азыркы Манас) шаары] – Советтер Союзунун Баатыры (22. 07. 1944). Кыргызстан КП БКга караштуу республикалык партиялык мектепти (1951), Жалал‑Абад педагогикалык окуу жайын (1965) бүткөн.

Файл:АЗЙМОВ29.png

1943‑жылы Ташкенттеги аскер окуу жайынан Белоруссия фронтуна жөнөтүлгөн. 1944‑жылы 23‑июнда немецтик‑фашисттик армиянын Витебск багытындагы коргонуу линиясын түндүк-батышынан бузуп өтүүдө жолдошторун эр жүрөктүүлүк менен чабуулга баштап барган. Ал баштаган жоокерлер 1944‑жылы 25‑июнда Батыш Двина дарыясынан биринчилерден болуп өтүп, Витебскинин түштүгүнөн чабуул коюп бараткан З-Белоруссия фронтунун жоокерлери менен жолугушкан. Ошондо душман аскерлерин курчоого алып, талкалоодо эрдик көрсөткөндүгү үчүн Р. Азимовго Советтер Союзунун Баатыры наамы (№4151) берилген. Согуштан кийин колхоздун башкармасынын төрагасынын орун басары, майыптар үйүнүн директору ж.б. кызматтарда иштеген. Ленин, 1‑даражадагы Ата Мекендик согуш, 3‑даражадагы «Манас» (05. 05. 2000) ордендери менен сыйланган.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.